Пандемиядан кийин шаарлар жоголот. «Черный лебедь» теориясынын автору

Коронавирустун пандемиясынан кийин онлайн-окууга өтүү процесси тездейт, офистер азаят, а кишилер шаарлардан айылдарга көчүп кете башташат. Ушундай жоромолду (прогнозду), «Кара аккуу. Болжонбостуктун белгиси алдында» («Черный лебедь. Под знаком непредсказуемости») аттуу дүйнөгө дүрбөлөң жараткан китептин автору, америкалык публицист, экономист жана трейдер Нассим Талеб айтты.  Муну 21-апрелде Vazhno.ru билдирди

Анын пикири боюнча азыркыдай кадимки университеттердин зарылдыгы жок болуп калат. Ушунун эсебинин окуу мекемелери имараттардан, логистикадан ж. б. үнөмдөөгө жетишишет. Онлайнга бизнестин олуутту бөлүгү да өтүп кетет. «Биринчи факс-машиналар пайда болгондо көпчүлүк “булар шаарларды жок кылышат”, деп эсептешкен – анткени документтерди алмашуу алыстан эле ишке ашат да. Интернет пайда болгондо да ошентип айтышкан. Бирок, азыр Zoom жана башка видеотелефония  программалары ошол прогноздорду ишке ашырып жатышат. Мен эмне кылам, жарым күн убактымды коротуп, бир жакка жумушка барып, эгер Атлантада үйүмдө олтуруп алып эле Нью-Йорктогу коллегаларым менен бааралаша ала турган болсом» — деди Талеб РБКга берген интервьюсунда. Пандемиядан улам көп компаниялар түшүнүштү, кызматкерлери үйүндө олтуруп алып эле иштеше алышаарын, дейт экономист. «Албетте, бул,  офистер таптакыр жоголот дегендикти билдирбейт – алар азаят, адамдар аякка күн сайын бара беришпейт. А бул болсо, көптөрү шаарлардан айылдарга көчүп кете башташат дегендикти билдирет», — деп белгиледи ал.

Коронавирустун пандемиясы керектөөчү көнүмүш адаттарды да өзгөртө баштады, дейт эксперт  — изоляцияда олтуруп, адамдар толтура кереги жок нерселерди сатып албай калышты. «Бул жагынан алганда кайрадан илгерки бейпил турмушка кайтуу башталат. Кризис бул багытты (тренд) дагы кошумча күчтөтөт. Андан сырткаары, мен жогоруда айткандай, локалдашуу тенденциясы күч алат. Азыр адамдар түшүнө башташты, алардын жашоосунун сапатына өлкө эле эмес, конкреттүү штат же шаар да таасир тийгизе алаарын. Маселен, Огайонун губернатору алдындагы күндөлүк иштерин Дональд Трампка караганда алда канча мыкты аткарат. Демек, бул  Огайого көчүп кетүүгө түрткү берет», — деди Талеб.  Бизнес чөйрөсүндө кризистен кийин калыбына келиши күмөн болгон тармактардын бири катары Нассим Талеб туризимди атады. Бул тармак пандемияга чейин деле кирешесин жогото баштаган дейт.

Abal.kg