Дүйнө

Түркмөнстанда окуучулардын ооруганга таптакыр акысы жок

Түркмөнстандын мугалимдери окуучулар ооруп калышса да, ооруп атам деп даттанууларына  тыюу салышты. Болбосо бүт классыңар менен каратинге жаап таштайбыз деп коркутушууда. Бул тууралуу жергиликтүү “Азатлык” сайтына таянып “Regnum” билдиргенин “Экспресс газета” 22-апрелде маалымдады.    

Мугалимдер мектеп окуучуларына  мамлекет башчысынын китебинен дайыма цитататаларды айтып берип окутушат.

Түркмөнстандын жарандары, күн сайын ден соолук тууралуу лекцияларды өтүшүп, мектептин сабактарын кыскартып атышат деп даттанышкан. Ал лекцияларда мугалимдер дайыма түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун китептеринен цитата айтышып, окуучуларга бактерияга каршы касиети бар деген кыязда, мүрзөгүл тууралуу аңгеме куруп беришет.   

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button