Коом

Коронавирус жуктуруп алган Москвадагы мекендеш менен маек

15 жылдан бери Москвада иштеген кыргызстандык мекендешибиз Мира Шаршеева жакында эле ошол жактан коронавирус жуктуруп алып, ооруканада дарыланып чыгыптыр. Мира айымдын азыркы абалы, ден соолугу жакшы. Мира эже менен Abal.kg маалымат порталы сүйлөшүп, маек алдык.

-Азыркы учурда айрым адамдар бул вирус жок, саясый оюн деп айткандар да бар,  сиз бул оору менен ооруп, жеңиптирсиз, бул тууралуу эмне дейсиз?

— Чынын айтсам коронавирус жок, ал саясый оюн деп айткандарды угуп ушунчалык жиним келип жатат. Бул оору бар! Мага да ватсаптагы группалардан ушундай суроолорду берип  жатышат. А түгүл  бир жигиттин 24 күн бою жаттым,  ооруган жокмун деген видеосун да көрдүм. Бул оорунун эки түрү бар, биринчиси өзүнө билинбейт, бирок вирусту алып жүрүүчүлөр болушат, башкаларга жугузат, ал эми экинчи түрү адам ооруйт, сезет, жаны кыйналат.

— Сиз кантип, каяктан жуктуруп алдыңыз?

— Мен абдан сак жүрдүм. Москвада кемпирди багам, ал 96 жашта. Дайыма колума медициналык кол кап, бет кап кийип жүрөм. Үйдөн деле анда-санда тамак-аш алганы супермаркеттерге чыгып калчумун. Эшикке чыкканда лифттин кнопкасын басканда, эшикти ачканда целлофан баштыкты кармап анан аччумун. Колуман кол кап, бетимен бет кап түшчү эмес. Анан кантип мага жугуп калды, өзүм да түшүнбөй калдым. Балким менин бут кийимим, алып келген тамак-ашым же кийимдериме жабышып келгендир вирус. Ага чейин эки жума мурун грипп болуп ооруп аткам.  Март айынын орто ченинде өзүмдү жаман сезе баштадым, жүрөгүм айланып, көбүк кусуп калдым. Негизи өзүмдүн кан басымым жогору, кант диабетим бар, панкреатитмин.  Акыры айлам кетип, кемпирдин жанына башка адамды коюп, поликлиникага барып көрүнүп, анализ тапшырдым. Үч жолу анализ алды, баары тең  коронавирус жуктуруп алганымды айтышты.  Эки өпкөм пневмония экенин билдим. Ошондогу абалымды айтпай эле коеюн… Ушунчалык  корктум. Оюмда  бир туугандарым, балдарым менен коштошуп койдум. Кыргызстандагы бир туугандарым, кызым да ыйлап, шок болушту, истерикага алдырдым чынында. Кызым аябай ыйлап, кайгырып атканын көрүп, өзүмдү колго алдым. Москвадагы инфекциялык ооруканага тез жардам менен алып барышты. Ден соолугума байланыштуу мурда деле ооруканага  жатып жүргөм. Бирок ушундай ооруну көргөн эмесмин. Сегиз күн оозума наар алган жокмун. Көбүк кусуп, ичимден кан өтө баштады.  Улам ийне сайып, дары беришти. Абдан катуу кыйналдым. Ооруканадагы адамдардын абалын көрдүм, бардыгы шок, коркуп, кыйналып жатышат. Тамактарды бир эле колдонуучу пластмасса идиштерге алып келип берип атышты. Эч ким менен байланыштырган жок. Палатада эки аял жаттык. 3-4 күндөн кийин гана жакшы боло баштадым. Ооруканада он күнгө жакын жатып, ден соолугум оңолуп, азыр карантинге чыктым. Азыр деле эртең менен дем жетишпей калат. Кадимкидей чочулайм. Бул оорунун деле залакасы уланат окшойт, дарыгерлер деле айтып атышат го. Азыр ооруканадан чыктым, оорубасам деле ооруду деп айтып атышат деген видеолорду көргөндө ушунчалык жиним келчү болду. Элдер абдан сак болушу керек! Кечээ бир аял менен телефондон сүйлөшсөм, мындай оору жок, коронавирус жуккан адамды көрсөм кучакташат элем деп ишенбейт. Мындай болбошу керек, бул оору канчалаган адамдардын өмүрүн алып жатат, жеңил желпи эмес, олуттуу мамиле кылыш керек.

— Сиз багып жаткан кемпирге жуктубу?

— Жок, ал кемпирге жукпаптыр. Мен абдан таза жана сак болчумун. Ушунчалык сактанып жүрүп, кантип жуктуруп алганыма өзүм да таңмын.  Ал кемпирдин бөлмөсүнө киргенде дайыма колумда кол кап, бет кап кийип кирчүмүн. Ошондуктан жуккан жок. Азыр эч кандай кепилдик жок, ошондуктан адамдар ар дайым сактанышы керек. Мен ооруган жокмун деп өзүндөгү вирусту  сезбеши мүмкүн, бирок башкаларга жуктурушу ыктымал. Кыргызстандыктарга айтаарым, абдан сак болгула. Бул оору  жугуштуу жана кантип жуктуруп алганыңарды да сезбей каласыңар.

— Эми канча күн карантинде болосуз?

— Азыр мен изоляциядамын. 14 күн эч ким менен байланышпайм, мени карап, текшерип атышат. Эшикке чыкканга, бирөө менен байланышканга болбойт. Ошондуктан май айына чейин изоляцияда отурам.

— Ден соолукта болуңуз, оорубаңыз. Тезирээк сакайып кетиңиз.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button