Коом
Карантин бай-кедейди теңеп койду дейт эксперт
Карантин шартында жарандар Советтер Союзундагыдай социалдык жактан бири-бирине теңелип калышты, деди социалдык саясат боюнча адис, россиялык эксперт Андрей Гудков. Бул тууралуу 23-апрелде Важно.ру порталы билдирди.
COVID-19 пандемиясы мына ушундай күтүүсүз эффекти берди дейт ал.
Анын пикиринде бийлик бул илдет менен ооруп айыккандардын потенциалын анча пайдалана албай жатат. Булар — адам капиталынын жаңы түрү.
Алардын донорчулугу үчүн өзүн өзү изоляциялоо режимин алып таштоо жана кенен-кесир жүрүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берүү туура болмок. Аларды жумушсуздук боюнча пособие менен кармап туруштун кажети жок. Тескерисинче аларды убактылуу, жакшы төлөнө турган, илдетти жуктуруп алуу коркунучу чоң жерлерде иштетүү керек.
Abal.kg