Жаңы Маугли, же чөөлөр менен достошкон эки жаштагы кыз (видео)

Эр жүрөк кыздын видеосу интернет желесинин сүймөнчүгүнө айланды.  

Зимбабвелик  эки жаштагы кыз атасы иштеген улуттук корукта жашаган жырткыч чөөлөрдүн (гиена) үйүрү менен  достошуп алган. Кыздын жырткычтар менен ойногонун видеосуна Daily Mail басмасы көңүл бурган.

Жырткычтарга кызыгуу эки жаштагы Кики Волхутерге атасынан өткөн. Кыздын атасы Ким жапайы жаратылыш туурасында фильмдерди тартат. Көптөн бери ал үй-бүлөсү менен Зимбабвенин чыгышындагы Санго коругунда жашап, чөөлөрдүн жашоосун изилдейт.   

Кики атасы Кимден чөөлөрдү көрсөт деп көп ирээт суранган. Бирок атасы кокус чөөлөр балага кол салса эмне болот деп коркуп, макул болбой келген. Бирок, кызы кайра-кайра сурана бергенден кийин макул болгон.

Адегенде жырткычтар Кикинин жанына өтө сактык менен келишкен. Кызды жыттагылап көрүшүп, анын коркунучтуу эмес экенин түшүнүшүп, анан аны менен ойной башташкан. Чөөлөр кызга анын кездеме оюнчугуна окшоштугу менен дароо жаккан. Кикинин атасы кыз чөөлөрдү үй жаныбарлары катары кабыл алат дейт. Ошондуктан алар менен куушуп ойной берет. Жырткыч чөөлөр кызга күчүктөрдөй туюлат. Чөөлөр да кызды өтө жакшы көрүшөт.

Фильмдерде жана мультфильмдерде чөөлөрдү өтө агрессивдүү, өтө коркунучтуу кылып тартышканы окумуштуунун көңүлүн чөгөрөт. Ал бул жырткычтар тууралуу адамдардын пикирин өзгөртөм деген үмүттө. «Чөөлөр өтө акылдуу жандык. Алар аябай мыкты уучулар (охотники) эле эмес, балдарына кам көргөн камкор ата-эне дагы», — деп айтты ал.

View this post on Instagram

Two-year-old

A post shared by Urban News (@urbannews254) on

Abal.kg