Орозодо битир-садаканы үйдө отуруп, банк аркылуу да которсо болот

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы битир-садаканы “РСК Банк” электрондук системасы аркылуу да которсо болоорун маалымдашты.

Битир-садаканы муфтияттын эсебине “РСК Банктын” банкоматы же мобилдик RSK24 которсо болот.

Эскерте кетсек Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бекиткен битир-садаганын 2020-жылдагы өлчөмү:

  • Буудай – 35 сом;
  • Мейиз – 384 сом;
  • Ун – 60 сом;
  • Арпа – 54 сом;
  • Курма – 512 сом.

Быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын, ундун, мейиздин же 3 килограмм 200 грамм арпа, курманын баасына барабар. Садага берүүчү адам көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан берем десе өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгарууга болот.

Abal.kg