COVID-19 жуктурган адамдын дарылоосуна канча каражат кетет. Министрликтин так жообу

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Кыргызстанда коронавирус жуккан бейтаптарды дарылоого кеткен каражат боюнча түшүндүрмө берди. Анын сөзү боюнча, COVID-19 вирусуна чалдыккан адамдар акысыз дарыланат. Дары-дармек, медициналык каражаттар жана ооруканага жаткандагы орундук үчүн кеткен чыгашалар бюджеттен төлөнөт.

«Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша, дарылоого 7988 сом (жеңил), 16 миӊ 370 сом (орто), 74 миӊ 764 сом (оор), 118 миң 807 сом (өтө оор) сарпталат», – Абдикаримов.

24-апрелде брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавирус жуккан бир бейтапка болжол менен үч миң доллар сарпталып жатканын айткан. «Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапка 3 миң доллар коротулуп жатканын билдирди. Бизде бир бейтапка канча кетип жатат?» деген суроого «болжол менен ошондой эле чыгым бизде да болуп жатат» деп жооп берген.

Бул социалдык тармактарда талкууга алынып, дарылоого кеткен акча жогорулатылып көрсөтүлгөнү айтылып келет.

Кийинчерээк республикалык штаб бир бейтапты оорукана шартында дарылоого абалына жараша орто эсеп менен 8 миң сомдон 120 миң сомго чейин каражат кетип жатканын билдирген эле.

Abal.kg