Маданият

Мырзалардан кем калбай, ырчы Гүлзада Рыскулова да чачын кырдырды

Учурда коронавирустан улам карантинде отурган Кыргызстандагы  мырзалардын көбү чачын кырдырып салышты. Ал эми Чечнянын  башчысы Рамзан Кадыров да чачын кырдырып, кол алдындагыларга эстафета узаткандыктан, баардык министрлер чачтарын кырдырган видеолору интернетке чыккан. Биздин ырчы мырзалар да Нурлан Насип баш болуп, карантин жаңы башталганда эле чачын кырдырып, башкаларга эстафета узаткан.

Ал эми мырзалардан кем калышпаган Кыргызстандын белгилүү этно ырчысы Гүлзада Рыскулова Инстаграмдагы баракчасына чачын кырдырган сүрөтүн жарыялап: «Аман болсок чачым кайра эле чыгаар. Буйруса баары жакшы болот ..» деп жазды. Анын чачын такыр баш кылып кырдырганын көргөн күйөрмандарына “менде баары жакшы” деп жооп узаткан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button