Окуялар

Балдары ачка калган жалгыз бой аял өз өмүрүнө кол салды

Марттын ортосунан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында карантин режими башталган. Дээрлик бардык жумуштар токтоп, коронавирусту жайылтпоо үчүн жарандар изоляцияда үйдө отуруу талабы бар.

Апрель айынын башында Каракол шаарынын 47 жаштагы тургуну мектеп жашындагы эки баласын тамак аш менен камсыздай албай, өз өмүрүнө кол салып, үйүндөгү дарыларды ичип алган. Ал аял балдарын  жалгыз тарбиялап келген. Күйөөсү менен мындан бир нече жыл мурда ажырашып кеткен экен.

Карантинге чейин батирде турган аял жалданма жумуштарга чыгып, күнүмдүк тамак-ашка акча таап жүргөн. Бирок карантин башталганы балдарынын курсагын тойгуза албай калган.

Каракол шаардык мэриясы аялдын өз өмүрүнө кол салганы боюнча маалыматты тастыкташты. Маалыматка караганда, бул аял үйүнөн дары ичип, жашоо менен кош айтышканга аракет кылган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калды. Мэрия үй-бүлөнүн азык-түлүк маселесин чечип бергенин билдирди. Азыр аялдын ден соолугу жакшы, окуя апрель айынын биринчи жарымында болгон экен.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын бардык аймактарында калктын аярлуу катмарларына өкмөт  жана жеке ишкерлер тарабынан азык-түлүктөр таратылып жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button