COVID-19 менен оорубай эле иммунитети барлар кимдер экенин врач айтты

Немис вирусологдору жаңы изилдөө өткөргөн учурда, мурда коронавирустун башка формалары менен ооругандарда (куш тумоосу, чочко тумоосу ж. б.) COVID-19ду жуктурбоо шансы өтө чоң деген тыянакка келишти. Муну МедиаПоток порталынын материалдарынын негизинде Rosinfonews.ru 26-апрелде жазып чыкты.

Окумуштуулар башка коронавирус инфекциялары азыркы жаңы вирус менен бирдей эле гендик участкаларга ээ деп түшүндүрүштү, деп жазат  МедиаПоток.  Ошондуктан, мурда коронавирустун башка түрлөрү менен ооругандардын иммунитети COVID-19га эффективдүү каршы тура алышы ыктымал.

Немис вирусологдору башка формалары менен ооругандардын 34 процентке жакынында жаңы коронавирустан сактай турган “куралы” бар деп үмүттөнүшөт.

Abal.kg