Кандай учурда пияз адамды өлүмгө алып келет. Адистин айтканы

Тамакка кошууга жана чийки керектөөгө чирибеген, бузулбаган таза пиязды пайдаланыш керек, анда С витамини жана патогендүү бактериялар, вирустар менен менен күрөшө турган антиоксиданттар, аминокислоталар өтө көп санда кездешет, дешти адистер. Ал эми бузула баштаган пияз адамга өлүм алып келе турган  коркунучтуу сапатка ээ. Американын Health Line Медициналык борборунун адистери ушундай тыянакка келишти, деп билдирди The Times Hub.  

Пияздын чирий баштаган  жерлери анда афлатоксиндин бар экенинен кабар берет, дешти изилдөөчүлөр. Пияздын кабыгындагы, же катмарларындагы кара тактар афлатоксиндин  белгиси болуп саналат.
Афлатоксин пиязды өтө нымдуу шартта, туура эмес температурада сактаганда, курт-кумурскалардын, же кир суунун таасири астында пайда болот.
Бул заттын организмге кириши боордун рагына алып келе турган коркунучка ээ. Ал эми афлатоксин менен ууланган кээ бир учурларда, адам каза таап калышы ыктымал экен.

Abal.kg