Коронавирус дагы 17 адамдан аныкталды. Жалпы 746га жетти

Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын саны 746га жетти.

“17 кишинин үчөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, экөө Ош облусунда, бирөө Жалал-Абадда, тогузу Чүй облусунда, бирөө Нарында. Булардын арасында алты медицина кызматкери бар”, — деди Акматова.

Abal.kg