Коронавирус. Кыргызстанда дагы 13 кишиден аныкталып, жалпы 769га жетти

Кыргызстанда дагы 13 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Үчөө Бишкекте, экөө Ош шаарында, Жалал-Абад облусунда төртөө, Баткенде экөө жана Нарын облусу менен Ош облусунда бирден киши катталды. Булардын арасында эки медицина кызматкери бар. Кыргызстан боюнча жалпы 769 учур болду”, — деди Акматова.

Ал эми Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Ушуну менен коронавирустан айыгып чыгарылгандардын саны 527 болду. Бул жалпы оорулуулардын жарымынан көбү илдетти жеңгенин билдирет.

Abal.kg