Пандемия жалпы элге маска тагынтса, айрым саясатчылардын “маскасын” сыйырды

COVID-19 пандемиясын эч ким күткөн эмес. Расмий түрдө дүйнөнүн бир дагы мамлекети муну 2020-жылдын башына чейин билген эмес. Кокусунан гана ал Кытайдын Ухань шаарынан чыгып, анан дүйнө мамлекеттерин каптап кетти. Муну Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия атады. Демек, коркунучтуу илдет. Андыктан ага каршы күрөшүүгө ири державалар триллиондогон, миллиарддаган долларларды бөлүштү. Ошого карабастан экономикасы күчтүү саналган Европа өлкөлөрүндө бул илдетке кабылгандар да, андан каза болгондордун саны да арбын болууда.

Мындай кырдаалда биримдик, ынтымак жана бекем тартип гана жеңишке алып бара турганын Кытайдын тажрыйбасынан билдик. Андыктан кыргыз бийлиги коронавирустун өлкөбүздө кеңири жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында адегенде өзгөчө кырдаал, андан кийин айрым аймактарда өзгөчө абал режимин киргизди.

Тилекке каршы, өлкө башына оор күн түшүп турганда баягы эле мансапкорлор, бийликке таарынычы барлар, мамлекетти талап-тоноп алышып, анан азыр оппозиция боло калгандар колдоо көрсөткөндүн ордуна, кайра бийликти жалган жалаалар менен шыбап, элди тартипсиздикке чакыргандай болушту.

Мисалы, Адахан Мадумаров сүйлөгөндөн башкага жарабаган саясатчы «Коронавирусту жөн эле саясатташтырып жатышат, мен буга ишенбейм» деп элдин башын айлантты. Анан дагы ал Белоруссиянын президенти Лукашенконун жасаган кадамын мисал кылып, шилекейи чубура аны мактады. Туура, Белоруссия бийлиги коронавирусту тоготпой койду, анын натыйжасында бүгүнкү күндө ал илдетке чалдыккандардын саны 15 миңден ашты. Лукашенконун хоккей командасынан да жугузуп алгандар катталганы маалым болду. Эми мындан кийинки абал бул өлкөдө кандай болору да табышмак. Эгерде Белоруссиядай болуп бизде да эч кандай чара көрбөй, баарыбызды ээн-эркин кое бергенде абалыбыз абдан эле чатагына айланмак. Ошондо ушул эле Мадумаров тескери сүйлөп чыкмак: «Бийлик өзгөчө абал режимин киргизип, алдын ала чара көрүшү керек болчу» демек. Так эле ушинтип айтмак экенин ар бир кыргыз түшүнүп турат. Себеби, Мадумаров бийликти кандай жагынан болсо да сындап гана тургусу келет.

Ошол эле убакта Темир Сариев сыяктуу саясатчы да бийликке акыл үйрөткүсү келди. Абакта жаткан Равшан Жээнбеков да ар кандай коомду козута турган кайрылууларын адвокаттары аркылуу жарыялап жатты.

Эгерде ушуга окшогон саясатчылар үчүн Кыргызстандын, анда жашаган элдин тагдыры кызыктырса, анда алар элди ынтымакка, биримдикке, тартипти бекем сактоого чакырмак. Коронавирусту биргеликте жеңели дешмек. Антишкен жок.

Албетте, өлкө тагдырына кайдыгер карабаган саясатчыларыбыз арбын болду. Мисалы, Өмүрбек Текебаев коронавирусту жеңүү үчүн бийликтин сөзүн угуу, айткан талаптарды аткаруу зарылдыгын билдирди.

Мындай оор кырдаалда бир муштумдай биригип, бир максатты гана көздөө керек эле. Тилекке каршы, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчылар үчүн Кыргызстандын тагдыры түккө арзыбай турганын көрсөтүштү. Эми аларга эл такыр ишенбес болду окшойт.

Ушул мезгил, ушул учур, ушул күндөр да өтөт. Кыргызстандын эле эмес, дүйнө элинин башына түшкөн мындай апаатта сабырдуу болбой элди  козутууга чакырган адамдар да четтен чыга баштады. Ушундай карантинден пайдаланып митингге чакырган айрымдар  да мыйзам алдында жооп бере турган мезгил жетээр… Кимдин ким экени элдин башына түшкөн оор учурда көрүнүп турат.

Алтынбек Карабаев