Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Кыргызстандын 3 чек ара кызматкери жаракат алды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда болгон атышуу учурунда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын үч аскер кызматкери ар кандай даражадагы жаракат алды. Жаракат алгандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканынын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда эки тараптын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуу токтотулду. Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, тажик аскер кызматкерлери тарабынан чагымчыл аракеттери менен коштолуп күтүүсүздөн (такталган маалыматтар боюнча) кыргыз чек арачылары жана кыргыз жарандары тарапка ок атышкан.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Баткен багыты жана Тажик Республикасынын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат.

Abal.kg