Коронавирус.Кыргызстанда 21 киши айыгып чыкса, кайра 21 киши жуктуруп алганы белгилүү болду

Кыргызстанда бүгүн дагы 21 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын 10у Бишкекте болсо, бирөө Чүйдө, үчөө Жалал-Абадда, жетөө Нарын обулусунда. 21 кишинин экөө Россиядан, бирөө Дубайдан келген”, — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1037 болду.

Ал эми Кыргызстанда бир суткада 21 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, сакайгандардын саны 709га жетти.

“Айыккандардын 12си Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, үчөө Ош облусунан, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абад облусунан”, — деди Үсөнбаев.

Abal.kg