Киркоров эмне үчүн белгилүү музыкантты сокур ичегиге салыштырып мазактады

Киркоров СТС каналында Елена Малышеванын «Жить здорово!» программасына пародия жасады. Россия эстрадасынын поп-королу,  анысы аз келгенсип ырчы Леонид Агутинди анын онлайн-концерттин шылдыңдады, Николай Басковго «анустун ролун ойно» деди, а Юрий Лозаны «эч кимге кереги жок аппендицит» деп атады. Бул туурасында 3- июнда Vazhno.ru маалымдады.

«Вечерняя Москвага» берген интервьюсунда Лоза теледен көргөнүнө баа берип,  Киркоров «жинди болуп жатат да», деп билдирди.

«Киркоров мен сыяктуу обон да, китеп да жаза албайт. Ал эч аспапта ойной албайт, эч нерсе чыгара албайт. Ал өзүнүн атагын чыгарыш үчүн гана жинди болуп жатат да. Кээде анысынын жардамы тиет, кээде тийбейт», — деди музыкант.