Эл батыш менен Американын акчасын алып, элди чайпалткандардан тажады!

648

Коронавирус Кытайдан чыгып, дүйнө кыдырганы бир канча жолу түрүн өзгөртүп, мутацияланып тарайт экен деген жаңылык чыкты эле.

Бу дүйнөнү дүрбөлөңгө салган түгөттүн жугуштуулугун айт. Эми ал тирүү жандарга да үлгү болуп, айрымдары түрүн өзгөртүп, кайра чыга баштады.

Эми минтип мутацияланып, өзгөрүп алып #Тажадым болуп чыгып, соцтармактарда элди тажата баштады. Койгон маселелерин карасаң, буларың баарына эле нааразы экен. Конкреттүү эч нерсе жок. Колго илээшкен көйгөйлөрү аткарылып жаткан маселелер. Болду анан эле «тажадым мен» болуп жатышат.

Баш терисин, ар жактагы дараментин байкасаңар ошол эле дирижерлор, ошол эле кукловоддор. Жүздөрү гана башка, кудум маска тагынып алышып, билинбей калат дешкендей.

Алгач #Реакцияда гей-пейлерди алып баруучулук кылышчу эле. Алары обсервацияда жатабы айтор, бул жолу кадимки тамадаларды, актерлорду, артисттерди жалдап алышкан экен.

Койгон спектаклдери таасирдүү, көрүмдүү болсун дегениби балким. Ошентип кайсы бир чет элдиктин жазган сценарийи менен спектакли дагы, актерлору дагы, алып баруучулары дагы даяр экен.

Ал эми биздин тиги тамадаларга эмне, той токтогону мындай иш-чараларды кудай деп эле алпарып беришпейби. Алар жан багабыз деп илибой шайтандын иш-чарасын деле өткөргөнгө даяр.

Коронавирус токтобой, экономикага кесепети тийип, ар ким жан багуунун айласып кылып, ишкерликтин ар түрдүү жолдорун издеп жатышса, булар маселе, көйгөйдүн баарын саясатташтырып, элди тажатып, кыжырына тие баштады.

НПОлордун долбоор жазып, Америкадан алган олчойгон акчасын «адалдап» түгөтүп бүткөнчө тажатканы тажаткан эми буларың. Дегеле ушул мамлекеттин ичине бүлүк салып, элди бөлүп-жарган, кыргыз элинин каада-салтына, нарк-насилине доо кетирген бу НПОчуларды тизгиндесе болобу?

Же буга да эл түп көтөрүлүп, грант берүүчү төркүндөрүнө оокат-кечелери менен биротоло жеткирип бериши керекпи, тойдум байдын кызына деп.

Анан Батышына барып алып, маа демектен эркек эркеги менен, ургаачысы ургаачылары менен баш кошуп, бактылуу жашай берсин. Бирок эл чын эле эл ушул батыш менен Американын акчасын алып, элди чайпалткан акмактардан тажады!

Алтынбек Карабаев