Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрү кабыл алган келишимдерди сактаган жок

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу машиналардын Казакстандын территориясына кирип –чыгуусундагы проблемалар чечилбей жаткандыгын белгилейт.
2020-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн башчылары COVID-19 пандемиясына байланыштуу товарлардын анын ичинде социалдык жактан зарыл болгон товарлар менен азык-түлүктөрдүн ташылуусунун эркин болуусун сактоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Бирок, Казакстан тараптан жасалып жаткан иш-чаралар мамлекет башчыларынан билдирүүсүнө шайкеш келбей жатат.
2019-жылы “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрүү пункттарында март-май айларында 32 758 жүк ташуучу машиналар өткөрүлсө, 2020-жылдын ошол эле убагында 2,2 эсе аз, болгону 14 509 жүк ташуучу машиналар өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасы тарабынан COVID-19 пандемиясынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына болгон кесепеттерин жумшартуу жана жүк ташуучу транспорттун тоскоолдуксуз кирип-чыгуусун камсыздоо максатында эффективдүү чараларды кабыл алып, ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соода-сатыкты чектеген жок.
2020-жылдын 3-июнунда “Актилек-автодорожный” жана “Карасуу” көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарындагы көчмө жыйынга кыргыз жана казак делегациясы катышып, Кыргызстан тараптан өткөн жүк ташуучу автомашиналардын өтүүсү казак тараптыкына караганда тезирээк болуп жаткандыгын казак тарап белгилеген. Мисалы, Кыргызстанга 3 саатта 61 автомашина кирсе, Казакстанга болгону 21 автомашина кирген. Тоскоолдук казак тараптан болуп жаткандыгын Казакстандын расмий бийлигинин өкүлдөрү мойнуна алышты жана бул жагдайды жогорку бийлигине жеткирише тургандыгын да айтышты. Ошол эле учурда айдоочулар чек арадан өтүш үчүн алар 3-4 сутка күтүп жатышат.
Акырында белгилей кетчү жагдай, 7 өткөрүү пунктунун 5 жабууну казак тарап бир тараптуу кабыл алган.
Abal.kg



