Коронавирус. Кыргызстанда каза болгондордун саны кырк кишиге жетти, бирөө Таластан

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июнда билдиргендей, коронавирус жуктуруп алып ооруканада жаткандардын арасынан дагы үч киши каза болду.

Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 68 жаштагы аял, Талас аймактык ооруканасында 68 жаштагы эркек, Ноокен аймактык ооруканасында 60 жаштагы аял коронавирус илдетинен улам  каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумгандардын саны 40 кишиге жетти.