Коом

Акын кыз Ырысгүл Изатова коронавирус жуктуруп алды

Учурда короновирус илдети Кыргызстанда жайылып, жуктургандардын саны арбып аткан учуру. Кыргызстандагы депутаттар, саясатчылар, журналисттер, Бишкек шаарынын мэри да жуктуруп алганы белгилүү.

Бүгүн таланттуу жаш акын кыз  Ырысгүл Изатованын ооруп калганын угуп, аны менен байланышканда буларга токтолду:

-Негизи бир жума мурда ангинам кармап ооруп, айыккам. Бирок өткөн жуманын аягында дене табым көтөрүлүп, алсырап жатып калдым. Жөн эле өтүп кетет го деп ойлогом. Бирок, температурам көтөрүлүп, кургак жөтөл болуп атты. Тамактын даамын, жытты сезип эле атам, анткени коронавирустун дагы бир белгиси жыт сезбей калуу дешкен эле. Эки күн температурам түшпөй койгондон кийин 118 ге чалсам, келип анализдерди алып кетишти. Эки күндөн кийин анализдин жыйынтыгы чыкты, сиз коронавирус болуп ооруп калыптырсыз дешти. Ага чейин телефонума “эч жакка чыкпаңыз, эч ким менен контактта болбоңуз” деп атайын функция орнотуп кетишкен. Эгер мен эшикке чыксам же бирөөлөр менен контактта болсом дароо билип коюшат экен. Ага айыппул салынат. Ошондон кийин эч жакка чыга элекмин. Мага атайын аймактык дарыгерди бекитип беришти. Алар келип, ден соолугумду карап турушат экен.

-Азыр эл коронавирус жок деп ишенбегендер да болуп атпайбы тилекке каршы…

-Бизде коронавирустун жеңил түрү өтүп атат окшойт, жалпы Кыргызстанда. Антпесе Европада канчалаган адамдар көз жумушту. Кудай сактасын, сак болушубуз керек. Бирок, тилекке каршы коронавирус жуктуруп алыптыр деген адамды көргөндөр, уккандар айрымдары бул дарт адамда өмүр бою ВИЧ инфекциясы сыяктуу кетпей калчудай сезишет экен. Бул уят оору эмес, бул ГРИППтин бир түрү, азыр күчөп аткан учур, эч кимде эч кандай кепилдик жок. Мен деле кайдан жуктуруп алганымды билбейм. Бул оору айыгат. Ал эми айрымдар ушул ооруну жуктуруп алса да аны ачыкка чыгаргандан уялышат экен. Өмүр бою ушул оору менен ооруп калчудай болуп жаа бою качышат экен. Албетте, азыр сак болушу керек. Буюрса, мен бул илдеттен айыккандан кийин да менин жаныма тааныштарым жолобой калат го деп да чочулап кетип атам (күлдү)

— Силерден анализ алыш үчүн атайын дарыгерлер келишти да, кошуналар көрүштү алар эч нерсе дешкен жокпу?

— Үйгө дарыгерлер атайын униформа кийип келишти. Анализдерди алды, алар кеткенден кийин кошуналар ызы-чуу болуп, ооруп калышыптыр дешти. Биз жашаган квартиранын эшигинин алдына чейин хлор чачышыптыр (күлүп). Адамдар психологиялык жактан бул ооруга даяр эмес экенбиз, балким айрымдар бул ооруну жашырганы да ушундан болуп жүрбөсүн деп ойлоп калдым. Бирок ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт дегендей, эч качан вирусту жашырбашыбыз керек. Өзүбүздүн жакындарыбыздын саламаттыгын да ойлошубуз керек.

— Жумуштагылар менен байланышкан жок белең?

-Чогуу жашаган кыздарым үйлөрүнө кетишкен. Дене табым жакшы болбой жаткандан бери жумушка бара элекмин. Кудай сактасын, ал жактан эч ким менен деле байланышта болгон жокмун.

— Оорунун белгилери кандай экен?

 — Температурам көтөрүлүп, денем шалдырап, кургак жөтөл болуп, кээде демим кысылып кетип атат. Врачтар мага дарыларды жазып беришти, ошолорду ичип дарыланып атам. Бул илдетке ишенбей атышат, бирок, оору бар экенин элге эскертип кетейин. Баарыбыз сак болушубуз керек. Эч кимге кепилдик жок.

 -Жакшы болуп, сакайып кет акын кыз. Ден соолукта бол, ооруба.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button