Кыргызстанда дагы 269 кишиден илдет аныкталды. Үч киши каза тапты

Республикалык ыкчам штабда 29-июнга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттин башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев статистикалык маалымат берди.

Башкы санитардык врачтын айтуусуна караганда акыркы бир сутканын ичинде 52 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ошол эле учурда дагы 269 жаңы бейтап катталды, деп айтты министрдин орунбасары.

Үч киши каза тапты. Көз жумгандардын саны 50гө жетти.

Жуктургандары аныкталгандардын саны – 5017 адамды түздү

Эгер ооруп калган адамдарда температурасы 38ден жогору болсо, деми кыстыгып, дем алуусу кыйындаП, пневмониянын симптомдору байкалса аларга ПЦР-анализи жок эле ооруканага жаткырып дарылоо жагын чечебиз, деди министрдин орун басары.