Коом

Бек Борбиев: «Бул илдет коронавирустан дагы кооптуу…»

Бек Борбиев өзүнүн фейсбук баракчасына, жүрөгүн өйүгөн, кыргыздын азыркы абалын так жана даана чагылдырган пост жазыптыр.

Мына достор, Кыргыз элин башкаруу үчүн азыркы учурда ушул ылакап колдолунуп келет. Түндүк- Түштүктү, аркалык-ичкиликти ж. б. Мисал үчүн, биздин муун билбей эле чоңойгонбуз, жашап келгенбиз. Биз үчүн Кыргыз, Кыргыз жери, Кыргызстан гана бар болчу. Кийинки доордун саясатчылары “разделяй и властвуй” деп жүрүп, далай муунду тарбиялап коюшту. Учурда аларга тил чыгып, жазганды үйрөнүшүп, трайбализмди жашоонун маңызы катары көрүп калгандар да жок эмес. Бул илдет коронавирустан дагы кооптуу экени айтпаса да түшүнүктүү.
Урматтуу фб достор, эл дегенде өзүңдүн аймагыңдагы элди эмес, Кыргызстандын элин ойлонолу. Дал ошондо гана келечекте балдарыбызга атадан калган мамлекетти өткөрүп бере алабыз.

Өзүңдүн аймагыңдагы элди эмес, Кыргызстандын элин ойлонолу, дал ошондо гана келечекте балдарыбызга атадан калган мамлекетти өткөрүп бере алабыз.


Албетте, бөлүнүү адамдын түшүнүгүнөн да болот, жан дүйнөң кичине болуп турса, Кыргызстандын аркы бурчун көрмөк белең…
Андыктан билимди, кругозорду, кыргыз тарыхын окуй берели. Аманчылык болсун, оорубайлы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button