Коом

Ички Монголиядагы чума Кытай үчүн өтө чоң коркунуч жаратат деп жарыяланды

Кытайдын Ички Монголия автономиялуу районунда өтө жогорку коркунуч сакталып турат. Анткени, Баян-Нур ооруканасына түшкөн бейтаптан чума чыккан. Ички Монголиядагы бубон чумасын Кытай үчүнчү даражадагы коркунуч деп жарыялады. Бул тууралуу RT Telegram-каналы билдирди.

Июлдун башында Россия менен чектешкен Батыш Монголияда бубон чумасы чыккан. Ооруканага 27 жаштагы эркекти жана аялды (жашы аныкталган эмес) алып барып жаткырышкан. Аялдын абалы өтө оор болгон. Ал ооруп калгандан кийин 60 киши менен түз карым-катнашта, ал эми 400 адам менен кыйыр байланышта болгону аныкталган. Монголиянын бул эки жараны суурдун чийки этин жегенден кийин ооруй башташкан. Адистер илдетти алар чумасы бар суурдун этин жегенде жуктурбастан, анын этин бөлүп атканда, же болбосо жаныбардын терисиндеги бүргө тигилерди чаккандан улам жуктуруп алуулары мүмкүн деген пикирде.

Чума — бактериядан тараган оору. Ал биринчи кезекте жапайы кемирүүчүлөрдү оорутат. Бир жандыктан экинчисине бүргө аркылуу жуга берет.Бүргө чаккан адамдар бубон чумасы менен  ооруп калышат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, эгерде өз убагында дарылоо башталбаса, бул оору чоң кишини 24 саатка жеткизбей өлүмгө алып келет деп айтылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button