Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 631 адамдан аныкталып, 17 бейтап каза тапты

Өткөн суткада коронавирустан 1 131 киши айыкты. Ал эми акыркы бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 631 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Коронавирус жуктурган бейтаптар аймактар боюнча:

Бишкекте — 118,
Ошто —  89,
Чүй облусунда — 81,
Ош облусунда — 74,
Талас облусунда — 27,
Нарын облусунда — 13,
Ысык-Көл облусунда — 94,
Жалал-Абад облусунда — 85,
Баткен облусунда — 50 кишиден вирус аныкталган.

Булардын 32си медицина кызматкерлери экени кошумчаланды.

Соңку бир күндүн аралыгында Кыргызстанда коронавирус илдетинен дагы 17 адам каза болду.

Бишкек – 9;
Чүй облусу – 2;
Нарын облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 4.

Бактыга жараша, Ош облусу менен шаарында, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облусунда каза болгондор жок.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 364кө жетти.

Аталган вирусту жугузуп каза тапкан алгачкы учур 3-апрелде катталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button