Дүйнө

Ооруганын билбей Путин менен кол алышкан врач Проценко тумоонун жөтөлү кандай болоорун айтты

Москванын Коммунарка кыштагындагы 40-оорукананын башкы врачы Денис Проценко «Российская газета» басылмасына, коронавирус менен ооруган кишинин жөтөлү кандай болоорун айтып берген. Бул туурасында 1-августта РИА Новости кабарлады. 

“Коронавирус менен ооруп айыккандан кийин анын жөтөлүн эч нерсе алмаштырбайсың  — анын интонациялары өзгөчө”, — деп айтты ал.  «Өтө терең эмес, үстүрт. Ага кошумча тамагыңдын ачышканы такыр кетпейт», — деп түшүндүрдү Проценко. Ушул белгилерге карап туруп эле дароо диагноз койсо болоорун белгиледи.

Денис Проценко

Андан тышкаары врач, сыркоолоп жаткан мезгилде тамактын жытын да даамын да сезбей калганын айтып берди.

Эсиңерге сала кетсек, 24-мартта Россиянын президенти Владимир Путин атайы Коммунаркага барып, сыркоолоп жаткандарды көргөн. Ошондо аны Проценко тосуп алып, президент менен кол алышып, аны баштан-аяк коштоп жүргөн. Андан бир жума өтпөй эле Проценко ооруп калып, кызмат ордунда дарыланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button