Коом
Өткөн суткада коронавирустан 11 адам каза болуп, 569 киши жуктуруп алды
Кыргызстанда акыркы суткада 569 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бир сутка ичинде коронавирус жана ал козгогон пневмония төмөнкү жактарда катталган:
Бишкек — 190
Ош – 84
Чүй облусу – 45
Ош облусу — 64
Талас облусу – 43
Нарын облусу – 13
Ысык-Көл облусу – 41
Жалал-Абад облусу – 47
Баткен облусу — 42
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 38 110ге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 11 адам каза болду
Ал эми өлкө боюнча бир суткада 767 киши коронавирусту жеңди. Жалпы айыккандардын саны — 29 510.