Мелис Мырзакматовдун Оштогу 43 гектар жери, мамлекетке өтөбү?

Бүгүн, Ош шаардык кеңешинин XIII сессиясы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, сессияда «Мурас» фракциясынан депутат Бекболот Арзибаев Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар жана Мелис Мырзакматовго тиешелүү жерлер боюнча суроо салды.
Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев бул маселе боюнча сот иштери жүрүп жатканын билдирди. «Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар боюнча айтсам, 3 гектар жерине парк жасадык. Октябрда ачабыз. Анан комплекстүү гараждар бар эле, экссалыкчынын клиникасы, Жээнбековдун кафелери бар болчу. Бийик курулуштан водозаборго чейин парк жасайбыз.
Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери бар экен. Сиз айтып жаткан жер 2 гектардан ашык жер экен. Ал боюнча сот жүрүп жатат. Бир тууганына катталган 36 гектар жери бар экен. Аны да алганы жатабыз.
Андан сырткары кайненесине каттаган 4 гектар 80 сотых жери бар экен. Ал боюнча да сот жүрүп жатат. Жалпы 43 гектар жери бар экен», — деди ал.
Депутат Бекболот Арзибаев Кең-Сай конушундагы мыйзамсыз берилип кеткен 100 гектар жер боюнча сурады.
Мэр ал жердеги объекттер боюнча маалымат берди.
«15 жыл токтоп калган иштер жүрүп жатат. Жанагы 110 кВт подстанцияны бүтүрүп ишке беребиз. Андан сырткары, таза суу боюнча «подрядчик» табылды, ал да чыгат. Сугат суу боюнча да иштер жүрүп жатат. Анан жанагы 100 гектар жер боюнча, Айбек Осмоновдун жери боюнча айтып жатасыз да. Бул боюнча Замир Байышович жооп берсин», — деди мэр.
Ош шаардык прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Шабдан Муратбеков жерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иш козголгонун белгиледи.
«Коррупция беренеси боюнча 55 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иш козголду. Жалпы 100 гектардан ашык боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат», — деди ал.



