Окуялар

Дүйнөнүн чемпиону эмне үчүн колуктусун үйлөнүү тоюнда кууп чыкты? (видео, фото)

Владикавказда эркин күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону, көптөгөн абройлуу мелдештердин жеңүүчүсү, дагестандык балбан Заурбек Сидаковдун үйлөнүү тою жаңжал менен аяктады.

Сидаков Токиодо өтчү Олимпиадага Россиянын атынан катышмак. Бирок, Олимпиадалык оюндар пандемияга байланыштуу кийинки жылга жылдырылган. Ушул учурдан пайдаланып, Заурбек Сидаков үйлөнүүнү чечет.

Той болуп жаткан учурда Сидаковдун жана үйлөнүү үлүпөтүнүн бир нече конокторунун телефондоруна спортсмендин колуктусу уят позаларда тартылган видеороликтер келет.

Заурбек Сидаковдун колуктусунун фотолору.

Видеороликтерди жиберген адам, бул кыз мурда эскортто* иштеген деп түшүндүргөн. Кызды үйлөнүү тоюнан шермедесин чыгарып кууп чыгышкан. А балбанды туугандары шаардын четине алып чыгып кетишкен.

Кийинчерээк кыздын айыбын ачкан анын бир кездеги арзыган жигити экени маалым болгон. Ал ушундай жол менен кыздан өч алгысы келген экен.

Бул жаңжалдуу окуядан кийин кыз соцжеледен өзүнүн баракчасын алып таштаган. Ал эми Заурбек Сидаков жаңжалга эч кандай комментарий берген эмес.

*Эскортницарасмий жетекчилерди командироакаларда, кыдырууларда коштоп жүрүүчү бийкеч. Иш жүзүнө келгенде интимдик кызмат көрсөтөт.

Булак: «Кабарлар».

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button