Дүйнө

ВИДЕО: Россиянын Тува Республикасынын башчысы экинчи ирээт коронавирус жуктурду

Ал азыр ооруканада жатат, деп билдирди 24-августта ТАСС.

Жай айынын башында корнавирус табылып ооруп айыккан Тува Республикасынын башчысы Шолбан Кара-оол (Чолпон Кара-уул болсо керек – ред.) экинчи ирээт ушул илдетке чалдыкты.

Бул тууралуу Кара-оол өзүнүн «ВКонтакте» расмий бетине жайгаштырган видеоайрылуусунда айтылган.

«Кайрадан бул жерде – инфекциялык ооруканадамын. Кайра эле баягы COVID-19. Экинчи ирээт ооруп калдым», — деп айтты Кара-оол.

Шолбан Кара-оолдун видеокайрылуусу.

Анын сөзүнө караганда азыр оорусу биринчи жолкусунан башкача өтүп жатат.Туванын башчысы башынын өтө катуу ооруп жатканына даттанган.

«Балким, иштин көптүгү биринчи жолу жуктургандан кийин иммунитеттин калыптанышына, антителелардын пайда болушуна тоскоол болсо керек», — деп белгилеген ал.

Кара-оол COVID-19 илдети менен ооруп, ооруканада дарылынап, 4-июнда сакайып чыкканын  убагында маалымдаган.

Кара-оолдун видеокайрылуусу ушул жерде: https://vk.com/karaool?w=wall180881822_70905

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button