Штаб: Сасык тумоого каршы калкты эмдөөдөн өткөрүү пандемия маалында абалды жеңилдетет

Калкты сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өткөрүү COVID-19 пандемиясы маалында абалды жеңилдетет. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин адистери билдирди.

«Күз-кыш мезгилинде сасык тумоо күчөйт. Буга байланыштуу калкты эмдөөдөн өткөрүүгө даярдык көрүү иштери жүрүүдө. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынан тышкары жеке менчик формасындагы дарылоо мекемелери дагы жарандарды  вакцинациялоо ишине тартылат» – деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков жарандарды курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өткөрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин белгиледи.

«Эмдөө тууралуу социалдык түйүндөрдө ар кандай маалыматтар чыгууда. Келтирилген фактылар жана билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.  Жергиликтүү бийлик дарыгерлер менен биргеликте сасык тумоого каршы вакцина буга чейин алынып жүргөнү жана анын эч кандай зыяны жок экенин элге түшүндүрүү шарт. Эмдөө иштерин сентябрь айынын экинчи жарымынан баштоо керек», – деди Алмазбек Баатырбеков.

Жыйындын жүрүшүндө дары-дармектердин запасын даярдоо маселеси талкууланып, Саламаттык сактоо министрлигине бул багыттаги иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде Билим берүү жана илим министрлигине илдеттин алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелери жөнүндө 1-класстын окуучулары окуп жаткан билим берүү мекемелеринде жана бала бакчаларда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу милдеттендирилди.

Штабдын мүчөлөрү жарандарга өздүк гигиенанын эрежелерин толук сактоону жана ата-энелер балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин эскертүүдө.