Окуялар

Пара талап кылган УКМКнын кызматкери кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк коопсуздук кызматы (ӨКК) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Н.у.С.га карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2020-жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын алдындагы Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) кызматкерлери УКМКнын ӨКК менен биргеликте, КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча «Пара талап кылуу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери Н.у.С. кармалган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, УКМКнын кызматкери Н.у.С. беделин түшүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.

Учурда, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү КРнын алдындагы ЭККМКнын тергөө органдары жүргүзүүдө.

Бул кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, УКМК жана ЭККМК жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button