Чалга тийип атам деп ыйлаган кыз, күйөөсүн көргөндө чалкасынан кете жаздады

21-кылымда деле көп эле элдерде эски салттар  кадимкисиндей эле жашап жатат. Мисалы, биздин күндөрдө Кытайда болуп өткөн бир окуяны алалычы. 25 жаштагы таптатынакай Сяо Цуй деген кыздын ата-энеси байлыгына карап аны 60тан өткөн карыган кишиге турмушка чыгууга мажубурлашкан. Бул тууралуу FB.RU жазып чыкты.

Жакыр үй-бүлөө

Сяо Цуй кытайдын анча чоң эмес бир кыштагында жашашкан кедей үй-бүлөөнүн кызы. Ата-энеси өтө жакыр болгондуктан кызга жакшы билим бере албай коюшкан. Баарынан да Сяонун иниси өзүнө колукту таба албай убара болгон, анткени жакыр үй-бүлөдөн чыккан жигитке кызын эч ким ыраа көргөн эмес.  

Акырында кыздын ата-энеси ага сеп бербей эле, бай күйөөгө узатмакчы болушат. Маселенин баары, кызга күйөө болчу кишинин жашы ошол учурда 60тын кырынан ашып калгандыгында эле.  

Ата-энесинин планын укканда Сяонун көңүлү катуу чөгөт. Бирок, көнбөскө чарасы жок экенин да, эң сонун түшүнөт. Көзүнүн жашын көлдөткөндөн башка колунан эч нерсе келбейт.

Кыз болочок күйөөсүнө көнө баштайт

Тойго кам көрө баштаган учурда Сяо болочок күйөөсү менен чогуу жүрүп, ага акырындап көнө баштайт. Анын камкордугу, Саяого сый-урмат менен мамиле кылганы кыздын көңүлүн жылытат. 60 жашта экенине карабай болочок күйөө шайдоот жүрүм-туруму менен колуктуга жагымдуу таасир калтырат. Кыз адегендеги катуу арданганын бара-бара унуткара баштайт.

Жомоктогудай жорук

Үйлөнүү күнү да келип жетет. Үлөнүү үлпөтү аяктап, жубайлар өздөрү гана  калышат.

Так ошондо Сяо үчүн үч уктаса түшүнө кирбей турган окуя болот. Душтан өзү күйөөгө тийип жаткан баягы картаң чал эмес, таптакыр башка киши чыга келет. Ал жапжаш жигит болчу. Бирок, кыймыл-аракети, үнү Сяого өтө тааныш эле. Күйөөсүнүн “кубулуп” кеткенин көргөн кыз аз жерден чалкасынан түшүп, эси ооп кала жаздайт.  

Көрсө, кыздын ага деген сезими канчалык чын дилинен экенин сынап көргүсү келген жаш жигит, атайын гримденип алып, Сяого жана анын ата-энесине улгайган киши болуп көрүнгөн экен.

Эки жаштын андан аркы жашоосу сүйүү менен камкордукка бөлөндү.