ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Түнкү кат: жүрөк сыздаткан окуя-2

Уландысы. Башы 18-сентябрда.

Атадан калган белегим

Зарыгып жүрүп көргөн баламдын атын эркек болсо Зарылык, кыз болсо Зарылкан коеюн деп жүрдүм. Сен төрөлдүң. Же сенин төрөлгөнүңдү күткөнбү, ошол күнү эле атаңдын абалы кыйындап калган экен, мени роддомдон алып келишти, ал жаткан ооруканага. Кичинекей төшөгүңө ороп алгам сени. Боорума кысып алып, атаңдын үстүнө кирдим. Палатасына. Өңү купкуу болуп, жаактары шимилип, алсыз суналып жаткан экен, сени көрө коюп, көзү жайнай түштү. Ордунан обдулуп, алсыз колдорун сунуп, араңдан зорго керебетине олтурду. Ороо-чулгооң менен бере салдым, сени, атаңа. Калтыраган колдору менен сени алып, бетиңди ачып, жыттап-жыттап ийди. Карасам, көзү жашылданып кетти. Билгизбөөгө араткеттенип, сени жыттагылап атты. Бир далайдан кийин сени кайра мага берип, менин бош колумду кыса кармады да “Кудайга миң мертебе ыраазымын, ушул жашоого белегимди калтыртты, менден” деп, мага ыраазы боло карап, анан уучтай карамаган алаканы жасыла түшүп, көзүн сүзүп кете берди.

Атаңдын “белегим” деген акыркы сөзү көңүлүмө уюй түшүптүр, кийин азан чакыртып атыңды “Белегим” деп койдурганыбыз ошондон, балам. Атаң чечилип көп сүйлөбөгөн, бир сырдуу киши эле. Дайыма ичинен сызып жүрө берчү. Азыр ойлосом, ошонусу оорутту окшойт атаңды. Жаман сөз, жаман тил адамды ууктурат эмеспи, балам. Атаң “Төрөбөгөн аял менен жашап атат, туяксыз өтмөй болду, как баш болуп калат” деген сыяктуу далай жаман сөздөрдү,  жаман тилдерди угуп, уугуп, ичимен тап болуп, жүрүп, дартка чалдыкты го деп ойлоп кетем, кээде.

Каражолтой

Атаң жерге бериле электе эле ага-тууган, тели-теңтуштары, кошуна-колоңдору сени “Атасын жуткан каражолтой” деп жек көрүшүп, ачыктан-ачык эле, мага угуза айтып атышты. Алардын андай уу сөзүн уккан сайын сай-сөөгүм зыркырап ”Наристеде эмне айып” деп айтайын десем, мени тоошум этээр киши жок. Ошентип, сен туулган күнүңдөн тартып, тууган арасында, айыл ичинде “каражолтой” атыгып, жек көрүндү болуп чоңойдуң балам. Сен анда кичине болуп, эс тарта элек болуп, элес алган жоксуң го, андайды. А мен элдин жаман көзүн көрүп, жаман тилин төкпөй-чачпай угуп, билип эле аттым, балам. Бирок, аргам жок, ичимден сызып, ээрдимди кесе тиштеп, чыдап жүрдүм, балам. Баарына көнөт элем, көтөргөн жаным, баарын көтөрөт элем, баарына кайыл элем… Эс тартып,  жетиге чыгып, мектепке бара турган болуп калгансың. Эсиңде бардыр балам, бир күнү  аябай ызаланып, букулдап ыйлап келгениң. Же унутуп калдыңбы? Жайдын саратаны эмес беле? Эстесең. Балдар менен ойноп атап, уруша кеткенсиң го, “Сен атаңды жуткан каражолтойсуң!” дептир, кичинкей эле сени менен тең тестиер бала. Ата-энесинен уккан да, андай заар сөздү. Ошого аябай ызаланып “Апа!.. Ошентип айтты” деп, өпкө-өпкөңө батпай ыйлап келгенсиң. Эстедиңби, эми?..  Ошондо, башкасы бир тең, сенин ызаланганың бир тең болуп, күйбөгөн жерим гана күл болуп кетти.  Ызалыгым менен, кызуу кандуулугум менен аял-буялга келбей, атаңдан калган үйдү туугандардын бирине сатып ийип, эмерегимди бир машинеге салып алып, шаарга баса бердим.

Ый

Ошол күндү ойлосом, ушул күнгө чейин өзүмө-өзүм наалат айтам балам “Кайсы каргыш тийген күнү ошенттим экен?! Шаарга көчпөй эле башка айылга деле кетсек болбойт беле!” деп. Чолок акылымда ойлоп жүрбөйүмбү, айылдан көчүп кетсек эле элдин жаман сөзүнөн кутулабыз деп. Көрсө, элдин сөзүнөн кутулганыбыз менен, арылбас балээге тутулаарыбызды ошондо билген эмес турбайымбы!

 “Апа, шаарга кетип баратабыз, ээ?!.” деп кудуңдагандай болсоң, сени көрүп, же кубанаарымды билбей, же кайгыраарымды билбей эт-жүрөгүм эзилип, чайналып, сени кучактап алып, ыйлап бараттым. Билесиңби, балам, ошону? Оңойбу анан, балам, отуз эки жыл жашаган жеримди таштап, атаң менен түтүн булаткан үйүмдү таштап кетип атсам!… Аны сен кайдан билмек элең, баласың да. Ошондо да, бир нерсени туйган немече “Эмне ыйлап атасың, апа? ” деп, кичинкей колдоруң менен жашымды сүртүп, көзүң жашылданбады беле? Эсиңдеби?.. А менин ушул кезге чейин көз алдымда турат, ошенткениң, балам. Эмне деп жооп берээримди билбей “Жөн эле балам, жөн эле…” деп жооткотуп кутулгам. Эстедиңби?.. Ай, эсиңден чыгып кетти го. Ошондо сага билгизбей, үнүмдү чыгарбай көпкө чейин токтоно албай ыйлагам, балам.

Мышыктын өлүмү

Сен кичинеңден эле боорукер бала болчусуң. Азыр да ошол боорукерлигиң калган жок. Бир жолу, анда үчтө белең, же төрттө белең, эсимде так жок, кичинекей кезинен бери баккан мышыгыбыз картайып өлүп калып, “Байкуш мышыгым” деп, сен кайгырып, бир күн кечке ыйлап, мен сени соорото албай беймаза болгом. “Үшүп калат, байкуш” деп, жыгачтан атайын ящик жасатып, ичине мышыкты салдырып, “Курсагы ачат” деп, жанына сүт койдуртуп туруп көмдүргөнүң ушул кезге чейин эсимден кетпейт, балам.  Андан кийин “Байкуш мышыгым, эмне болуп атты экен, үшүгөн жокпу, курсагы ачкан жокпу, апа?” деп, далайга чейин унута албай кайгырып жүрбөдүңбү, кишинин зеенин кейитип.  Кышында кар жааганда барып, карын улам-улам тазалап коюп да аттың. Ойлосоң керек, кар жатса үшүп калат деп. Ушундай жанда жок боорукер бала элең, кагылайын уулум.

 (Уландысы бар).

К.Ж.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button