Коом

Январь-июль айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 68,1 млрд. сомду түздү

Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин 8 ай ичиндеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө арналган брифингде айтылды.

Экономиканын капитализациялануу көлөмүнөн алганда, 2020-жылдын январь-август айларында курулуш продукцияларынын жалпы дүң көлөмү 68,1 млрд. сомду түзүп, 7,8 пайызга төмөндөгөн (2019-жылдын январь-август айларында 7,7 пайызга өсүш болгон).

Жалпы экономикалык өсүшкө карата курулуш секторунун таасири терс болгон, ИДП түзүлүшүнө салымы (-) 0,56 пайыздык пункт болуп, ИДП өндүрүшүндө анын салыштырмалуу салмагы 6,8 пайызды түзгөн.

Курулуштун төмөндөшүнүн негизги себептери төмөнкү факторлор:

  • Карантин убагында республикадагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк компаниялардын кызматкерлеринин жок болушу;
  • Чек аралардын жабылышынан улам курулуш материалдарынын жана машиналар менен жабдууларга тетиктердин келүүсүнүн чектелиши;
  • Карантин убагында бардык курулуш компанияларынын иштеринин токтошу жана башкалар болгон.

2020-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы менен негизги капиталга инвестициянын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 63,4 млрд. сомду түзүп, 14,7 пайызга төмөндөгөн (2019-жылдын январь-август айларында өсүш 6,0 пайыз болгон).

Негизги капиталга инвестиция көлөмүнүн төмөндөшү 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ички булактардын каржылануусунун эсебинен 9,2 пайыз, ал эми тышкы булактардан каржылануусу 27,0 пайыз болгону байкалган.

2020-жылдын январь-августундагы инвестициянын негизги көлөмү (алардын жалпы көлөмүнүн 84,0 пайызы) пайдалуу жер байлыктарын казуу курулуштарына, электрэнергия менен камсыздоо, газ, буу жана тазаланган аба менен камсыздоо, дүң жана чекене соода, автоташуу ишмердиги жана жүктөрдү сактоо ошондой эле турак-жайларды курууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button