Маданият
ВИДЕО: Назира Жетигенова жашаруунун сырларын айтты
Куудул Назира Жетигенова бетин майда бырыш басып баратканынан улам укалоо түрүндө жашарып жатканын Инстаграмм баракчасына айтып чыкты.
Анын айтымына караганда, жаш өткөн сайын бетте бырыш басып, адам картайа баштайт. Мындан улам ал косметологдорго көрүнүп, бир катар процедуралардан өтүүдө. Назира айымдын айтымында пластикалык операциядан качып, табигый жол менен да жашарса болот.