Маданият

“Жусуп” тасмасы Түркиядагы кинофестивалда “Эң мыкты сценарий” сыйлыгын алды

«Жусуп” тарыхый көркөм тасмасы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн VI “Коркут Ата” түрк дүйнөсүнүн кинофестивалында “Эң мыкты сценарий” сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлык 7-ноябрда кинофестивалдын жабылуу аземинде тапшырылды.

“Жусуп” тасмасы фестивалдын толук метраждуу көркөм фильмдер сынагында көрсөтүлүп, эл аралык кино коомчулугуна сунушталган.

Тасманын режиссёру, сценаристи жана продюсери — Таалайбек Кулмендеев.

Белгилей кетсек, VI “Коркут Ата” түрк дүйнөсүнүн кинофестивалы Түркияда өтүп, ага түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн кинематографисттер катышкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button