Коом

Жылдыз Мусабекова: Мирбек Атабеков жигиттери менен “Достук” мейманканасында депутаттарды сабайбыз деп турду

«Ырчы Мирбек Атабеков “Достук” мейманканасына жигиттерин баштап барып, депутаттарды сабатабыз деп турду”. Мындай пикирин Жылдыз Мусабекова Фейсбук баракчасында түз эфир аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу видео жана аудио жаздыруулар дагы бар.

“Биз бул жакта саясатты сапырып, бийлик, байлык талашып, кырылып жаткан кезде, кылычын кармап кыш келди. Азыр өлкөдө кырдаал туруктуу эмес. Ар кандай топтор элди дагы ойлошпойт, алар өз кызыкчылыгын ойлогондор. Биз бузукуулардан арылдык дегенден алыс болушубуз керек. Элди саясатчыларда эмес, ырчы-чоорчулар дагы бөлүп жиберди. Өткөндө “Достук” мейманканасында биз сыйлап жүргөн Мирбек Атабеков деген уулубуз жоон топ элдерди ээрчитип барып, депутаттарды сабайбыз деп, ачык ураан көрсөтүп, ошол жерден кыйкырды. Бул боюнча видео жана аудио жазуулар дагы бар. Мына биз ушундай чагымчылдар менен жашап жатабыз.

“Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы” – дегендей биз ар бирибиз өзүбүздүн колубуздан келгенибизди жасабасак болбой калды. Таланттуу адамдарыбыз таланты менен эле өркүндөй берсе жакшы болот эле. Ушул маселени дагы кароо абзел болуп калды. Чагымчылдарга Инстаграмда көп катталуучулары бар жылдыздарыбыз абдан чоң салымын кошту. Депутаттарды сабагыла дегендей, алар эч ким эмес, биз дагы сиздер сыяктуу кыргыз элинин жарандарыбыз, үй-бүлөбүз бар. Депутаттар десе бары эле акмак эмес”, – деди ал.

Булак: Соңку кабарлар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button