Коом
COVID-19. Акыркы суткада 330 адамдан вирус аныкталып, эки бейтап каза болду
Өткөн суткада коронавирус жуктурган 330 учур катталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкекте — 68, Ош облусунда — 74, Ош шаарында — 36, Чүй облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда — 18, Жалал-Абад облусунда — 70, Баткен облусунда — 43, Талас облусунда — 9 учур катталды.
Март айынан бери 50 миң 201 адам коронавируска чалдыкты.