Саясат
Садыр Жапаров мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу жарлыкка кол койду
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков туралуу жарлыкка кол койду. Бул жөнүндө мамлекет башчынын аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.
«Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдик берүү жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Сооронбай Жээнбековго карата мыйзымда каралган баардык нормалар сакталат.
Жарлык кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда буга чейин экс-президент макамы Роза Отунбаевага гана берилген.