Саясат

«Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү далилденсе жазасын алат», деди Камчыбек Ташиев

Алмазбек Атамбаев сот тарабынан күнөөсү далилденсе, жазасын алат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев пресс-конференция өткөрүп жатып билдирди.

Төраганын сөзү боюнча мурдагы мамлекет башчы буга чейинки бийлик тарабынан кармалып сот жообуна тартылган.

«Кылмыш иши мен бул оорунга келгенге чейин козголгон. Аны биз олтургузган жокпуз. Баардыгы мыйзамдын чегинде болуш керек», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал эч кандай саясий куугунтуктоолор болбосун билдирди.

«Саясий куугунтуктоо эмне экенин биз өз башыбыздан кечиргенбиз. Ар бир адам, жада калса саясатчы да өз пикирин билдирүүгө акысы бар. Бирок, баары мыйзамдын алкагында болуш керек», — деп баса белгледи Камчыбек Ташиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button