Саясат

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Премьер-министр Садыр Жапаровду куттуктады

Евразия эконимикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Куттуктоо тексти төмөндөгүдөй:

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич!
Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Премьер-министрлик ишмердүүлүгүңүз интеграциялык процесстердин туруктуу динамикасын камсыз кылууга жана Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенем.
Евразия экономикалык комиссиясы өз кезегинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттериңизге жардам берет.  
Сизге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жасап жаткан ишиңиздерге ийгилик  каалайм.

Михаил Мясникович»

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button