Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулуктан кетти

Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулуктан кетти. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине борбордун пресс-кызматынан билдиришкен.

Пресс-кызматтын билдирүүсүнө караганда Нариман Түлеев премьер-министр Садыр Жапаровдун наамына бул тууралуу тийиштүү арызын жазган. Нариман Түлеев биринчи вице-мэрдин ордун мурдагы шаар башчысы Азиз Суракматовдун аны көпкө чейин көндүргөндөн кийин гана макул болгонун белгилеген.

«Мен иштин өңүтүн түшүнүп, докладдарды кабыл алгыча эле, мэрдин креслосунун тегерегинде ар түркүн топтордун жана күмөндүү кишилердин балит күрөшү башталды. Кээ бирлери агрессияга алдырып, кол көтөргөнгө чейин барды. Мени шаардыктар колдош үчүн келгенин четке кага албаймын. Алардын өмүрүн коркунучка салууга моралдык укугум жок экенин жана охлократиянын (топураган топтордун) толкунун акыл-эстүүлүк менен фактылар токтото албасын түшүнүп, президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров экөөбүз, мен мэрдин милдетин аткаруу кызмат ордун бошотуу чечимин кабыл алдык», — деп белгиледи Нариман Түлеев.

Мэрдин милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев калаарын кошумчалады.

Булак: 24.kg