Коом
«Ай үйдү» калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сом кетет
5-октябрдан 6-октябрга караган түнү тополоңдо өрттөлүп, талкаланган парламент менен президенттин имаратын («Ак үйдү») калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сом кетет. Бул туурасында парламенттин «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан кезексиз жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирген.
Эсиңерге сала кетсек, Акылбек Жапаров президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп саналат.