Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүндө ММА боюнча мыкты деп табылды

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүндө ММА боюнча мыкты деп табылды. Бул тууралуу ТурСтат порталы жазып чыкты.

Аталган портал КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты мушкер кыз-келиндердин тизмесин түзүү үчүн сурамжылоо өткөргөн.

Тизменин алдыңкы ондугуна Валентина Шевченко (Кыргызстан), Лиана Жожуа (Грузия), Анастасия Янькова (Россия), Мария Агапова (Казакстан), Яна Куницкая (Россия), Александра Албу (Молдова), Антонина Шевченко (Кыргызстан), Лилия Казак (Беларусь), Лилия Шакирова (Өзбекстан) жана Ирина Алексеева (Россия) кирген.

Шевченкого жалпы 25% добуш берилген.

Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер 2018-жылы UFC уюмунда эң жеңил салмакта чемпион болгон. Андан кийин чемпиондук курун үч ирет коргоп калган.