Бишкекте инфекциялык оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү (ФОТО)

Бул клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган. Жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Бишкекте 100 орунга ылайыкташкан оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы имараттын жалпы аянты 2 310 чарчы метрди түзүп, ал коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярдануу максатында өкмөттүн буйругу менен салынды.

Курулуш иштери 2020-жылдын 23-июлунда башталып, августтун соңу менен бүтмөк. Эки айга кечиккен корпус жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Жаңы оорукана Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында жайгашкан жана изоляцияланган бокстардан, реанимациядан турат.

Клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган. Бул инфекциялык ооруулар менен иштөө үчүн иштелип чыккан, аба жана саркынды сууларды толугу менен зыянсыздандырган жана индивидуалдуу аба соргучу бар мельцер бокстары бар.

“Ооруканага 180ге жакын медициналык жабдыктар, эмерек, ошондой эле тиричилик жана компьютердик техника сатылып алынды. Бир мобилдик рентген аппараты, 10 даана өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараты (ИВЛ), 20 даана жогорку агымдуу кычкылтек менен камсыз кылуучу аппарат (БИПАП), 62 даана кычкылтек менен каныктыруу аппараты орнотулду. 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык аппарат, 26дан ашык бейтаптарды индивидуалдуу түрдө көзөмөлдөө аппараты жана 1 көчмө УЗИ аппараты менен жабдылды”, — деп айтылат маалыматта.

Жандандыруу блогу залдан, обочолонгон интенсивдүү терапия бокстарынан жана оор абалда жаткан бейтаптар үчүн күнү-түнү реанимациялык чараларды камсыз кылган палаталардан турат. Реанимация бөлүмүндө 30 керебет бар. Дарылоочу жана реанимациялык бокстар заманбап жабдуулар жана оорулуунун жашап кетүүсүнө кубат берүүчү жабдыктар менен жабдылган. Бардык палаталарды борбордук кычкылтек менен камсыз кылуу уюштурулганы айтылды.