Тажик тарап Кыргызстан менен чек арада суу түтүктөрүн демонтаждай баштайт

Буга чейин ТРнын жарандары чийиле  элек участокто иш алып барууга аракет кылышкан. Бул жаңжалга алып келген

Генералдык штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев мамлекеттик чек аранын Баткен облусунун Үч-Дөбө аймагындагы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруу чаралары боюнча коопсуздук органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Алимбаев белгилегендей, чек ара аймагынын калкын коргоого жана келечекте мамлекеттик чек аранын бардык участокторунда ушул сыяктуу окуялардын алдын алууга багытталган натыйжалуу чараларды көрүү зарыл.

Бүгүн саат 14: 50дө болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында. Тажик тарап кечээ тажик жарандары мамлекеттик чек аранын тактала элек бөлүгүнө төшөөгө аракет кылган суу түтүктөрүн демонтаждай баштады.

Мамлекеттик чек аранын Үч-Дөбө аймагындагы кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт.