Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткара баштады

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Буга чейин ал өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетип, президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келгенин өзү кабарлаган эле.

Калаа башчысынын орду көптөн бери талашта болчу Аиз  Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.  

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда кайра мэриянын алдында митинг өткөргөн.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев буга чейин Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болуп иштеп кеткен.