Саясат
Жогорку кеңеш Эльвира Сурабалдиеваны вице-премьер кылып бекитти
Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиеваны вице-премьерлик кызматка бекитти.
Анын талапкерлигин парламентке биринчи вице-премьер Артем Новиков сунуштап, таржымалын тааныштырды.
Андан соң эл өкүлдөрү бир добуштан колдоп берди.
Эльвира Сурабалдиева 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эми быйылкы шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.