Саясат

Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын өткөрүп берип, президенттик шайлоого катышаарын билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыктан, бул кызматын тапшырып берүү чечимин кабыл алганын айтты.

«Азыркы тапта Садыр Жапаров эбегейсиз бийлик рычагдарына ээ болуп турат. Бирок ал расмий билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Мындай шартта президенттин милдетин кайра Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Төрага аткарбаса, биринчи вице премьер-министр президенттин милдетин аткара албайт. Саясий туңгуюкка кабылганы турабыз. Ушундан улам мен төрагалык кызматты тапшырып берүү чечимин кабыл алдым», — деди Исаев.

Канатбек Исаевди төрагалыктан кетирүү боюнча парламентте кол топтоо жүрүп жатканы тууралуу өткөн жумада маалымат тараган.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button